ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди.

ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат.

Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы алардын бажы наркынын 7,5%дан 12,5%га чейин түзчү. Мурдагы жеңилдик 2031-жылдын аягына чейин гана жарактуу болчу.

Министрликте түшүндүрүшкөндөй, бул сунуш мультимодалдык транзиттик хабды өнүктүрүүгө байланыштуу жана жүк ташуучу учактарды импорттоодо бажы алымдарынан жана салыктардан бошотууну камтыйт. ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөр да бул сунушту колдошкон жана жеңилдетилген режим 12 жыл бою колдонулат.

Министрликтин баалоосу боюнча, казакстандык жүк ташуучу компанияларга 130 жүк учагы керек.

Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясы билдиргендей, сунуш учактардын эки категориясына тиешелүү:
  • бош абалдагы салмагы 20 тоннадан жогору, бирок 90 тоннадан ашпаган, эки өтмөгү бар кең фюзеляждуу, алыскы аралыкка учуучу учактар;
  • бош салмагы 20 тоннадан жогору, бирок 90 тоннадан ашпаган башка учактар.

20–90 тонна диапазонуна заманбап тар фюзеляждуу учактардын дээрлик баары кирет, анын ичинде Airbus A320жана Boeing 737 MAX.

Ошол эле учурда кең фюзеляждуу учактардын көбүнүн салмагы 90 тоннадан ашат (мисалы, Airbus A330-300, Airbus A380, Boeing 777-300ER, Boeing 787-9 Dreamliner жана башкалар).

Мындан тышкары окуңуз

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Азия оюндары: Жоломан Шаршенбеков - алтын медаль утуп алды

Кыргызстандын балбаны Жоломан Шаршенбеков Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль тагынды. Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештердин жүрүшүндө, байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 1-октябрда 60 кг чейинки салмак категориясында

Ишкер Media
Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды

Кыргызстандын биринчи улуттук спутниги 1-октябрда орбитага чыгарылды. Учуруу аземине АКШда иш сапары менен жүргөн өлкө башчысы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, учуруу Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы аркылуу ишке ашырылды. Спутник бир ракета менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортуна алты айга чектөө киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда картошканын импортун 6 айга убактылуу чектөө сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Сунушталган чара Кыргызстандын картошка өндүрүшүн жана ички рыногун өнүктүрүүгө, дыйкандарды колдоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Маалыматка ылайык, 2026-жылы Кыргызстанда 1 млн

Ишкер Media
Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

Бишкекте STEAM4Girls программасынын жаңы этабы башталды

ЮНИСЕФ жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги "Кыздар учур чакты жана келечекти жаратууда" аттуу STEAM4Girls программасынын үчүнчү этабын ишке киргизди. Бул тууралуу ЮНИСЕФ билдирди. Расмий ачылыш бүгүн Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, педагогдордун, жаштардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, кыздардын илим, технология, инженерия, искусство жана математика

Ишкер Media