Air Arabia Шарджадан Ошко жаңы түз аба каттамын ачат

Air Arabia Шарджадан Ошко жаңы түз аба каттамын ачат

20-февралдан тарта Air Arabia авиакомпаниясы Шарджадан Ошко жаңы түз аба каттамын ачат. Бул тууралуу Башкы консулдуктан билдиришти.

Графикке ылайык, «G9 886» рейси Airbus A320 учагы менен Шарджа эл аралык аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна жума жана жекшемби күндөрү учат.

«G9 887» кайра кайтуучу рейси дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат.

Air Arabia компаниясынан билдиришкендей, эң жогорку коопсуздук стандарттарын камсыз кылуу үчүн Air Arabia каттамдарындагы бардык жүргүнчүлөр БАЭде COVID-19 илдетинен акысыз камсыздандыруу менен камсыз болушат. Бул эч кандай кошумча документтерди көрсөтүүнү талап кылбастан, брондоо учурунда автоматтык түрдө кошулат.

  • Air Arabia авиакомпаниясы 2009-жылдын 9-сентябрында Шарджа Эмиратында негизделген, БАЭнин штаб-квартирасы Шарджада жайгашып, ал жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда иш алып барган салыштырмалуу баалары арзан авиакомпания болуп саналат. 2019-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарына биринчи каттам ачылган.

Мындан тышкары окуңуз

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкека ИИББи  кызматтык унаалар үчүн сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 60 даана түзүлүшкө 4,8 млн сом бөлүү пландалып жатат.  Сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө жана союзга мүчө өлкөлөрдүн биринде өндүрүлгөн болууга тийиш. Ошондой эле кеминде эки жылдык

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы 23-февралда Бишкек шаарында сатуучулар (селлерлер) жана маркетплейстердин өкүлдөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын (ЭСФ) жаңы формасын колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрдү. Жаңы эрежелер бизнес ишин жеңилдетүүгө жана товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Иш-чарага тигүү ишканаларынын жетекчилери, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Салык кызматынын төрага орун басарлары катышты. Жаңы