Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты.

Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров бул жаңычылдык ири табигый кырсыктар учурунда чыгымдарды төлөөгө жардам берерин билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруу пулун түзүү буга чейин да каралган, бирок иш жүзүндө колдонулган эмес.

Мыйзам долбоору менен камсыздандыруу төлөмү берилүүчү айрым табигый кырсыктардын көрсөткүчтөрү төмөндөтүлүүдө:

  • Жер титирөө — 6 баллдан 5 баллга чейин;
  • Катуу шамал — секундасына 25 метрден 20 метрге чейин;
  • Катуу кар жаашы — 200 ммден 150 ммге чейин;
  • Мөндүр — көлөмүнө коюлган талап алынды (мурда 20 ммден жогору болчу);
  • Көчкү жана таш кулоо "жер массасынын жылышы" деген бирдиктүү категорияга бириктирилди.

Марат Пирназаров белгилегендей, учурда жарандар турак жайын камсыздандыруу үчүн айыл жеринде жылына 600 сом, шаарда 1 200 сом төлөшөт. Табигый кырсык болгондо алар тиешелүүлүгүнө жараша 500 миң сомго чейин жана 1 млн сомго чейин компенсация ала алышат.

Анын айтымында, жеке тариф да бар — жаран турак жайдын наркынын 0,3%ын төлөйт. Мисалы, үй 50 млн сом турса, жылына 150 миң сом төлөп, кырсык болгон учурда толук наркын өндүрүп алат.

Базалык тариф 0,12%ды түзөт, ал эми эксперттердин эсебинде бул көрсөткүч кеминде 0,26% болушу керек. Бирок азырынча тарифтер көтөрүлбөйт, анткени айрым жарандар 600 сомду да кымбат деп эсептешет.

Чиновник белгилегендей, социалдык тарифтер ири кырсыктарда (мисалы, Түркиядагыдай ири жер титирөө) чыгымды толук жабууга жетишсиз болушу мүмкүн. Дал ошондуктан камсыздандыруу пулу киргизилип жатат.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө