«Дос-Кредобанктын» Директорлор кеңеши башкармалыктын мүчөсүн бекитти
«Дос-Кредобанк» ААКнын Директорлор кеңеши башкармалыктын мүчөсүн бекитти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Банктын директорлор кеңешинин 2021-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Аида Ыбыкеева башкармалыктын мүчөсү болуп дайындалды.
Эске салсак, буга чейин «Дос-Кредобанктын» башкармалыгынын мүчөсү Асел Омоева өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулган. Мындай чечим Дос-Кредобанктын Директорлор кеңеши тарабынан 2021-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.