Дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо максатында мамлекет 520 млн сом бөлдү

Дыйкандарды жеңилдетилген насыя менен камсыздоо максатында мамлекет 520 млн сом бөлдү

Министрлер кабинети «Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун бекитти. Каржы министрлигине коммерциялык банктарга пайыздык үстөктөрдү субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүү тапшырылды. Бул тууралуу кабинеттин басма сөз кызматы билдирди.

«АЧК – 10» долбоорунун максаты – айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн аз пайыздык чен менен мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейинки «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасы боюнча республикалык бюджетке 372 млн сом каралган. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча дыйкандарга жалпы суммасы 3.4 млрд сомдук жеңилдетилген насыялар берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкека ИИББи  кызматтык унаалар үчүн сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 60 даана түзүлүшкө 4,8 млн сом бөлүү пландалып жатат.  Сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө жана союзга мүчө өлкөлөрдүн биринде өндүрүлгөн болууга тийиш. Ошондой эле кеминде эки жылдык

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы 23-февралда Бишкек шаарында сатуучулар (селлерлер) жана маркетплейстердин өкүлдөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын (ЭСФ) жаңы формасын колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрдү. Жаңы эрежелер бизнес ишин жеңилдетүүгө жана товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Иш-чарага тигүү ишканаларынын жетекчилери, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Салык кызматынын төрага орун басарлары катышты. Жаңы