«Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоо пландалууда
«МЭА» ААК 2022-жылы 4 аэропортту – «Каракол», «Баткен», «Ош», «Нарын» аэропортторун реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында Башкармалыктын Төрагасы Бакыт Шаршеев билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта төмөндөгү объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга конкурс жарыяланган.
- «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо
- «Баткен» аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо
- «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу
- «Нарын» аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу
«Долбоор иштелип чыккандан кийин биз, быйылкы жылы «Каракол» аэропортунун жаңы аэробекетинин курулуш-монтаждоо иштерин жана «Каракол» менен «Баткен» аэродромдорунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле «Ош» эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу маселеси каралууда», – деди Шаршеев.
Эскерте кетсек, бүгүн, 9-февральда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залынын ачылышы болуп өттү. Объекттин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, «МЭА» ААКнын түзүмүнө Кыргызстандын 11 аэропорту кирет: 5 эл аралык жана 6 аймактык жана ошондой эле алардын маршруттук тармагы 25 багытты камтыйт:
- 19 багыт боюнча эл аралык аба каттамдары
- 6 багыт боюнча ички аба каттамдары.


