Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттор бирдиктүү формада тапшырылышы керек

Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттор бирдиктүү формада тапшырылышы керек

Мамлекеттик салык кызматы бардык салык төлөөчүлөр, анын ичинде чакан, орто ишкердик субъекттери жана коммерциялык эмес уюмдар 2022-жылдын 1-январынан берки отчеттук мезгил үчүн ай сайын киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары тууралуу отчетторду FORM STI-161 бирдиктүү формада берүүлөрү керектигин маалымдайт.

Салык кодексине ылайык, салык агенти ар айдын 20-күнүнөн кечиктирбестен, киреше салыгы боюнча отчетту төлөй турган жери боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.

Салык агенти кармап калуучу киреше салыгы салык агентинин учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча, ал эми обочолонгон бөлүгү болгондо – обочолонгон бөлүктүн эсептик катталган жери боюнча төлөнөт.

Буга байланыштуу мурда эсептешүү ведомостторун жана киреше салыгы боюнча отчетторду ар кандай салык органдарына тапшырган төлөөчүлөр эсептешүү ведомостун берүүнүн мурдагы орду боюнча Социалдык фонддун каттоо номерин алдын ала жаап, киреше салыгы боюнча отчет берилүүчү жер боюнча Социалдык фонд органдарында каттоодон өтүшү керек.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2022-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгил үчүн баштапкы жана такталган эсептешүү ведомостун тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Белгилей кетсек, чакан жана орто ишкердик субъекттерге жалпы салык режиминин салык төлөөчүлөрү катары катталган субъекттер, ошондой эле бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча катталган салык төлөөчүлөр, анын ичинде салыктарды нөлгө барабар ставка боюнча төлөгөн субъекттер кирет.

Салык кодексинин 102-беренесине ылайык, салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде салык органынын чечими менен салык отчетун берүү мөөнөтү 30 күнгө узартылышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкека ИИББи  кызматтык унаалар үчүн сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 60 даана түзүлүшкө 4,8 млн сом бөлүү пландалып жатат.  Сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө жана союзга мүчө өлкөлөрдүн биринде өндүрүлгөн болууга тийиш. Ошондой эле кеминде эки жылдык

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

МСК жаңы ЭСФ формасынын эрежелерин түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы 23-февралда Бишкек шаарында сатуучулар (селлерлер) жана маркетплейстердин өкүлдөрү үчүн электрондук эсеп-фактуранын (ЭСФ) жаңы формасын колдонуу боюнча окутуу семинарын өткөрдү. Жаңы эрежелер бизнес ишин жеңилдетүүгө жана товарларды ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз алып чыгууга багытталган. Иш-чарага тигүү ишканаларынын жетекчилери, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Салык кызматынын төрага орун басарлары катышты. Жаңы