Парламент өгөй балабы? Эмнеге жыйынга Байсалов менен Алиев келген жок – депутат
Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму башталды. Жыйын башталганда эле депутаттар Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отурумга келбегенине нааразы болушту.
Белгилей кетсек, биринчи күн тартибинде «КРнын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору каралмак жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн болчу.
Депутат Жеңишбек Токторбаев эмне себептен министрлер жоктугун айтып нааразыланды.
«Биз эмне өгөй бала болуп калдыкпы, бизди тоготпой калыштыбы? Шайлоодо 1.5 млн эл бизди шайлаган, жок дегенде элди сыйлап койбойсуңарбы? Бул жерде 38 млн сомдун тагдыры чечилип жатат. Соцфонддун төрагасы, вице-премьер сөзсүз келиш керек», – деди эл өкүлү.
Алмасбек Абытов бул мыйзамга Соцфонддун төрагасы бекитилгенин бирок ал келе албай калганын, өткөн жумада да каралбай калганын айтып, бүгүн жыйында карай берүүнү сунуштады.
Бирок депуттар Байсалов менен Алиев келгенде гана мыйзам долбоору каралат деп добуш беришти.