USAID Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанды да камтыган соода боюнча беш жылдык программасын баштайт. Бул тууралуу АКШ элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Программанын бюджети 19 млн долларды түзөт жана ал Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды да камтыйт.
КРда бул программа Экономика министрлиги, Транспорт министрлиги, Бажы кызматы жана Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте ишке ашырылат.
Программанын максаты – Борбор Азияда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ал үчүн долбоор бажы жана чек ара контролдоо жол-жоболорун шайкештөөгө, соода жана инвестиция маселелеринде мамлекеттик жана жеке секторлордун өнөктөштүгүнө жана региондогу ишканалардын кызматташуусуна көмөктөшөт
- Программа экспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө байланышкан, тагыраак айтканда, сертификация, транспорт, логистика ж.б. маселелерди чечүүгө багытталат.
- Ошондой эле Кыргызстандын жана Борбор Азиянын ишканалары чет элдик кардарлардын талаптары менен таанышып, жаңы рынокторго чыгууга даяр болушу үчүн чет элдик компаниялардын иш сапарлары, жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурулат.
Экономика жана соода министрлигинин бажы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Руслан Тыналиевдин айтымында, жаңы программа соода процедураларын жөнөкөйлөтүү аркылуу сооданы жакшыртууга жардам берет жана чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле тышкы соода ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу процесстерин оптималдаштыруу аркылуу соода компанияларына оң таасирин тийгизет.