Жогорку Кеңештен коркуп келбеген төрагалардын кереги жок – депутат
Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму башталды. Жыйын башталганда эле депутаттар Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отурумга келбегенине нааразы болушту.
Белгилей кетсек, биринчи күн тартибинде «КРнын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору каралмак жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн болчу.
Депутат Айбек Осмонов төрагалар өздөрү жок, алардын орун басарлары отурганын, кадр маселесине көңүл буруш керектигин айтты.
«Кадрды коюп жатканда карап коюш керек. Жогорку Кеңештен коркуп келбеген төрагалардын бизге кереги жок. Кадр маселесин аткаруу бийлиги караш керек. Келсин, беришсин отчетун. Бир төраганын айынан канча жумуштар калып жатат», – деди Осмонов.
Депуттар Байсалов менен Алиев келгенде гана мыйзам долбоору каралат деген талап коюшту.