Бизнестен саясатка. Президенттин кеңешчисинин кандай бизнестери бар? – Factcheck

Бизнестен саясатка. Президенттин кеңешчисинин кандай бизнестери бар? – Factcheck

4-апрелде Эркин Тентишев президенттин коомдук баштылыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди. Эске салсак, буга чейин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, ордуна анын мурдагы орун басары Нурил Алымбаев дайындалган. 

Factcheck.kg өлкө башчысынын жаңы кеңешчиси тууралуу кененирээк маалыматты текшерип көрдү жана төмөндө аты аталган басылманын макаласы өзгөртүүсүз берилет.

Эмгек жолу

Эркин Тентишев 2001-жылдан тарта үч жыл бою Кыргыз Республикасынын Ислам Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башкы консулу жана жетекчиси кызматын аркалаган. Андан соң, Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграция фондунун директору болуп иштеген.

 2004 -жылы ал Канттагы Азия медициналык университетин негиздеген. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, аталган окуу жайда 2018-жылы 1.5 миң студент билим алган. Медициналык факультетте жылдык окуунун баасы 135 миң сомго, стоматология факультетинде жылына 75 миң сомго жеткен. Контракттын суммасы жергиликтүү жана чет элдик студенттер үчүн бирдей болгон. Ал эми чет элдик студенттер үчүн жатаканалар контейнерлерден курулган.

Тентишев 2015-жылы Жогорку Кеңешке Канатбек Исаевге таандык болгон «Кыргызстан» партиясынын курамында аттанган. Тизмекте ал №6 болгон, бирок шайлоодо жеңишке ээ болгон эмес.

2020-жылкы президенттик шайлоодо ал Садыр Жапаровго үгүт жүргүзүп, социалдык тармактарда ал “учурдагы президентке” добуш берүүгө чакырган видео тараган. Буга байланыштуу БШКнын жумушчу тобу ага 7.5 миң сом айып салуу сунушун киргизген.

Президенттик шайлоодон үч өткөн соң Улукбек Мариповдун жарлыгы менен өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, Тентишев 16 жыл мурун эле мамлекеттик кызматты аркалап, жеке ишмердүүлүк менен алектенген. Садыр Жапаровдун тушунда ал дароо эле губернаторлук кызматты алган.

Кеңешчинин бизнеси

Тентишев бүгүнкү күндө дагы ишкерлик менен алектенерин osoo.kg сайты маалымдайт: 

“АВЕС” ЖЧКсы Тентишевдин наамында катталган алгачкы компаниялардын бири. Ал 1998-жылы каттоодон өткөн жана туризм тармагында иш алып барат. 

2000-жылы Эркин Тентишевдин иниси Эрик Тентишев “TRUST-ASIA” “ТРАСТ-АЗИЯ” компаниясын негиздеген. Кийин компания Эркин Тентишевдин колунан өткөн, ал мал чарбасы менен алектенет. 

Кеңешчиге таандык болгон даны бир компания “Ультра Проф Сервис” күзөт агенттигинин тең негиздөөчүлөрүнүн катарында Ногойбаев Адилет Кенешбекович жана милиция полковниги Мамыкеев Алымкул Чоткараевич бар. 

2014-жылы негизделген “Бирге элим” ЖЧКсы гезит чыгаруу менен алектенет. Ал бүгүнкү күнгө чейин салык төлөбөй келгенин белгилейбиз.  

“Эркин Эйр” ЖЧКсы 2019-жылы каттоодон өткөн. Эске салсак, Kloop.kg басылмасына берген маегинде ага эки учак таандык экенин айтып, авиакомпаниянын негиздеген жылы өлкөнүн экономикасына салым кошуу максатында сатып алганын айтып берген.

Жыйынтык: Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап, ошол эле убакта ишкерлик менен алектенген. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматкерге өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен, жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга тыюу салынат. 

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик имараттар департаментинин башчысы Чынберди Толонов коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик имараттар департаментинин башчысы Чынберди Толонов коррупцияга шектелип кармалды

Президенттин иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик имараттар департаментинин башчысы Чынберди Толонов кармалганын күч түзүмдөрүндөгү булактарга таянуу менен ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, ал жуманын башында эле Аскер прокуратурасына жеткирилген. Кийин Биринчимай райондук соту ага карата бөгөт чарасын тандап, 16-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча шектелүүдө.

ЖКККБ мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 37 жолтандабасты кармады

ЖКККБ мыйзамсыз күйүүчү май ташыган 37 жолтандабасты кармады

Кыргызстанда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери атайын рейддин жүрүшүндө күйүүчү майды ташуу жана мыйзамсыз сатуу үчүн кошумча бактар мыйзамсыз орнотулган 37 автоунааны аныкташканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган унаалардын басымдуу бөлүгү — жол тандабастар. Айдоочулар кайра жабдылган автоунаалар менен күйүүчү майды Казахстандан Кыргызстанга ташып келип, андан ары

Салык кызматы 2025-жылы 3,7 млрд сомдук жасалма ЭЭФ алдамчылыгы болгонун билдирди

Салык кызматы 2025-жылы 3,7 млрд сомдук жасалма ЭЭФ алдамчылыгы болгонун билдирди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар боюнча көзөмөлдү күчөтүп, жасалма документ жүгүртүүнүн ири схемаларын аныктады. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кызмат чыныгы чарбалык операцияларсыз ЭЭФ (электрондук эсеп фактура) тариздеген дээрлик 270 жеке ишкер менен уюмдун тиешеси бар экенин аныктады. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында бюджетке айып пулдар менен туумдарды кошкондо 3,7 млрд сомдон ашык кошумча

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары кармалды

УКМК саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р. С. мыйзамга каршы аракеттерге шектелип кармалганы тууралуу маалымат мекеменин социалдык тармактардагы баракчаларына 20-февралдын кечинде жарыяланды. Мекеменин билдирүүсүндөгү инициалдар саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп келген Сыдыгалиев Рыспек Сулкайдаровичтин аты-жөнүнө туура келет. Коопсуздук комитети тараткан маалыматка караганда, министрдин орун басары 2022–2023-жылдары