«Халык Банктын» төрагасынын орун басары Россиядан контрабандалык жол менен накталай келген 360 млн долларды Кытайга которгон
«Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен Россиядан Кытайга 360 млн доллар мыйзамсыз которулганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
«Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Россиядан КРга контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга өткөрүп берген.
2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек Үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 млн 153 миң 999 долларды накталай түрдө О.А.К. которгон.
2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 млн 56 миң 270 доллар которгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМК азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын билдирди.