«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» 2021-жылы 25.5 млн сом киреше тапты – жарымы мамлекетке берилет
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК 25.5 млн сомго жакын таза киреше алган. Бул тууралуу маалымат компаниянын акционерлеринин 4-апрелде өткөн жылдык жалпы жыйынында айтылды.
Жыйында алынган кирешени дивиденддерди төлөөгө жана компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө жумшоо чечими кабыл алынды.
Мамлекет (уюмдун жалгыз ээси) дивиденд катары кирешенин 50%ын, тагыраак айтканда, 12.7 млн сомун алат. Каражаттын калган жарымы «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» уставдык капиталын көбөйтүүгө жөнөкөй аталыштагы акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу жумшалат.
Белгилей кетсек, мындан бир жыл мурда МКУ өзүнүн таза кирешесин дээрлик бирдей бөлүштүргөн. Таза пайданын 55%ы (21 млн сом) дивиденддерди төлөөгө бөлүнгөн. Таза кирешенин калган 45%ы (17 млн сомдон ашык) уставдык капиталды көбөйтүүгө кеткен.