Берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет – «Кепилдик фонд»
Коммерциялык банктардан кредит алуу үчүн берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет. Мындай маалыматты Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Фонд белгилегендей, «Кепилдик фонд» иштеген бардык мезгил ичинде дээрлик 3.6 млрд сом суммасында 2.5 миң кепилдик берилген. Бул кепилдиктердин алкагында фонддун өнөктөш банктары 12 млрд сомдон ашык суммадагы бизнес кредиттерин бекитишкен.
«Кепилдик фонду» тарабынан аялдардын ишкердигине берилген кепилдиктердин суммасы 1 млрд сомго жакын болгон, же мамлекеттик кепилдиктердин жалпы суммасынын 27%ын түзгөн. Өз кезегинде өнөктөш банктар 3.2 млрд сомдон ашык суммада насыя беришкен.
Жалпысынан фонддун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ишкерлерге 770 кепилдик берилген, бул бардык берилген 2490 кепилдиктин 31%ын түзгөнүн аталган мекемеден билдиришти.
Кепилдик фонду ошондой эле фонддун ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде 3570 жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн, анын ичинен 1510 (42%) аялдар экенин билдирди. Ошондой эле 15 770 жумуш орунун, анын ичинен 5 464 (35%) аялдар иштеген жумуш орундарына колдоо көрсөткөн.