Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

2025-жылы шаардык бюджет 23 млрд 994 млн 600 миң сом өлчөмүндө бекитилгенин бүгүн бюджеттик угууларда Бекжан Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды эске алганда, такталган сумма 29 млрд 428 млн 972 миң сомду түзгөн. Чыныгы аткарылыш 30 млрд 561 млн 886 миң сомго жетип, 103%ды түзгөн.
2026-жылга Бишкек шаарынын бюджет долбоору 32 млрд 873 млн 616 миң сом көлөмүндө түзүлгөн. Өткөн жылдын бекитилген бюджети менен салыштырганда, көрсөткүч 9 млрд 863 млн 670 миң сомго өскөн.

"2025-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик 10 млрд сомго өстү. Бул деген дагы көп долбоорлор жана иш-чаралар жүзөгө ашырылат дегенди билдирет", — деди Усеналиев.

Ал ошондой эле шаардык кеңеш мэрия менен биргеликте бюджетти түзүү жана ишке ашыруу боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media