КРнын Россиядагы элчиси «Россия темир жолунун» өкүлү менен темир жол каттамын жандандыруу маселесин талкуулады
КРнын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат «Россия темир жолу» ААКнын Башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский менен жолукканын элчиликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда КРнын жарандарынын кургактык транспорту менен жүрүүгө болгон жогорку муктаждыгы эске алынып, КР менен РФ ортосунда темир жол транспорту менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгында Казакстандын аймагы аркылуу ПЧР методу менен COVID-19га карата тесттин терс жыйынтыгы камтылган маалымдаманын негизинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууда транзиттик өтүүнү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жетишилген келишимди белгилеп өттү.
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында КР менен РФнын ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну тезинен баштоого «Россия темир жолу» ААКсынын оң позициясы жана кызыкчылыгы билдирилди», – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, «Кыргыз Темир жолу» МИнин директору Бишкек – Москва каттамы 2023-жылга чейин болбой турганын билдирген болчу.
«Казакстан уруксат берди, бирок Россиядагы негизги штаб уруксат бербей жатат. 5-апрелде биздин кызматкерлер жүргүнчүлөрдү ташуу маселеси боюнча Москвага барып келишти. Бирок Москванын темир жол айланма жолун ремонт кылып жатышат экен, андыктан Бишкектен Самара, Казань, Новосибирскке чейинки жолду уруксат берип жатышат», – деген эле ал.
