Ош шаарындагы Батыш РЭТинин курулушу сентябрда аяктайт

Ош шаарындагы Батыш РЭТинин курулушу сентябрда аяктайт

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев түштүк жергесине болгон иш сапарында Ош шаарына курулуп жаткан Батыш райондук электр тармагынын (РЭТ) имаратына капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Райондук электр тармактарынын жаңы имараты Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Ош шаарынын тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу максатында курулат. Анда Доскул Бекмурзаев 8-февралда мамлекет башчысынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Түндүк РЭТинин ачылышы болгонун билдирди.

«Мындай объектилердин курулушу Кыргызстандын энергетикасы өнүгүү жолунда бара жаткандыгын жана ошондой эле анын мамлекетибиздин экономикалык жактан өнүгүшүнүн негизи болууга чоң мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдейт. Ал үчүн бизде баары: элдин колдоосу, көрө билүүсү жана өлкө жетекчилигин дарамети жетиштүү», – деди министр.

Ошондой эле ал Батыш РЭТинин курулушу үстүбүздөгү жылдын 31-августунда аягына чыгарыларын билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин Ош шаарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 1967-жылы курулган эски имаратта жүргүзүлүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун "Арал" транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кечээ өткөн Транспорт министрлигинин аппараттык жыйынында кабыл алынды. Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди

Д.Трамп Газ секторуна 7 млрд доллардан ашык жардам берилерин билдирди

Д.Трамп Газ секторуна 7 млрд доллардан ашык жардам берилерин билдирди

Жогорку деңгээлдеги Вашингтондогу Тынчтык кеңешинин жыйынында АКШ президенти Дональд Трамп Газ сектору үчүн 7 млрд доллардан ашык жардам берерин жарыялады. "Бул аймак эми радикализм жана террорчулуктун очогу эмес. Азыркы кырдаалды түп-тамыры менен чечүү үчүн мен кубанычтамын, себеби Казакстан, Азербайджан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана

Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

2025-жылы шаардык бюджет 23 млрд 994 млн 600 миң сом өлчөмүндө бекитилгенин бүгүн бюджеттик угууларда Бекжан Усеналиев билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды эске алганда, такталган сумма 29 млрд 428 млн 972 миң сомду түзгөн. Чыныгы аткарылыш 30 млрд 561 млн 886 миң сомго жетип, 103%ды түзгөн. 2026-жылга

Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн

Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2025-жылдын декабрь айынын аягында 8 млрд 603,1 млн долларды түзгөнүн Экономика министрлигинин материалдарында белгиленет. Жыл башынан бери резервдер 3 млрд 515,1 млн долларга, башкача айтканда 69,1%га көбөйгөн. "Резервдердин өсүшү өлкөнүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту жана төлөм