Бишкектеги «Манас айылы» комплекси реконструкцияланат – долбоор президентке сунушталды (СҮРӨТ)

Бишкектеги «Манас айылы» комплекси реконструкцияланат – долбоор президентке сунушталды (СҮРӨТ)

Президенти Садыр Жапаров кечээ, 29-апрелде, «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекет башчысы интервьюларынын биринде жакынкы арада комплекстин реконструкциясы болорун, анткени анын азыркы абалы өтө начар абалда экенин белгилеген.

Президент архитекторлорго кайрылып, бул иштердин долбооруна ар тараптан ойлонуштурулган мамиле жасоонун зарылдыгын белгиледи.

Маалым болгондой, долбоордо «Манас айылы» комплексин реконструкциялоо анын аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүүнү карайт. Ар кандай жыйындарды, курултайларды жана башкаларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Ошондой эле, комплекстин аймагына «Манас» театры менен «Манас» музейин жайгаштыруу пландалууда.

Мындан тышкары, долбоордун идеяларынын бирине ылайык, комплекстин конокторуна улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрө алышат.

«Жапаров долбоорду канааттануу менен баалап, курулуш иштерин тез арада баштоону тапшырды. Мындан тышкары, комплексти стандартка ылайык сапаттуу куруу жана мында келгендерге көбүрөөк ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди», – дейт президенттин басма сөз кызматы.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жаңы көзөмөл пункту курулат

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун "Арал" транспорттук көзөмөл пунктунун (Жумгал району Арал айылы) түндүк тарабында жаңы транспорттук көзөмөл пунктун куруу чечими кечээ өткөн Транспорт министрлигинин аппараттык жыйынында кабыл алынды. Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы транспорттук көзөмөл пунктунун ачылышы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактык жана габариттик ченемдерди

Д.Трамп Газ секторуна 7 млрд доллардан ашык жардам берилерин билдирди

Д.Трамп Газ секторуна 7 млрд доллардан ашык жардам берилерин билдирди

Жогорку деңгээлдеги Вашингтондогу Тынчтык кеңешинин жыйынында АКШ президенти Дональд Трамп Газ сектору үчүн 7 млрд доллардан ашык жардам берерин жарыялады. "Бул аймак эми радикализм жана террорчулуктун очогу эмес. Азыркы кырдаалды түп-тамыры менен чечүү үчүн мен кубанычтамын, себеби Казакстан, Азербайджан, Бириккен Араб Эмираттары, Марокко, Бахрейн, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана

Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

Бишкек шаарынын 2026-жылга карата бюджети 32,8 млрд сом көлөмүндө түзүлдү

2025-жылы шаардык бюджет 23 млрд 994 млн 600 миң сом өлчөмүндө бекитилгенин бүгүн бюджеттик угууларда Бекжан Усеналиев билдирди. Анын айтымында, республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды эске алганда, такталган сумма 29 млрд 428 млн 972 миң сомду түзгөн. Чыныгы аткарылыш 30 млрд 561 млн 886 миң сомго жетип, 103%ды түзгөн. 2026-жылга

Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн

Кыргызстан эл аралык резерви 2025-жылы 3 млрд 515 млн долларга өскөн

Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2025-жылдын декабрь айынын аягында 8 млрд 603,1 млн долларды түзгөнүн Экономика министрлигинин материалдарында белгиленет. Жыл башынан бери резервдер 3 млрд 515,1 млн долларга, башкача айтканда 69,1%га көбөйгөн. "Резервдердин өсүшү өлкөнүн тышкы экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү өзгөрүүлөрдү, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту жана төлөм