Европа инвестициялык банкы Бишкекте Борбор Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүн ачууга даяр
Европа инвестициялык банкы (ЕИБ) Кыргызстанда банктын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле суу менен камсыздоо жана айыл чарба секторлорун насыялоону баштоого даяр.
Мындай билдирүүнү ЕИБ миссиясынын башчысы Адам Брун кечээ, 29-апрелде Экономика министри Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушуусунда айтканын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар жашыл экономика тармагындагы долбоорлорго басым жасоо менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын талкуулашты.
Банктын өкүлү жакынкы келечекте эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат берип, банктын шарттарынын бири дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү жана жагымдуу болуу экендигин айтты.
Адам Брун Борбордук Азияда банктын аймактык өкүлчүлүгүн ачууга, ошондой эле суу менен камсыздоо жана айыл чарба секторлорун кредиттөөнү баштоого даяр экенин белгиледи.
Өз кезегинде Амангелдиев Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле стратегиялык пландаштыруу, мамлекеттик финансы салык тармагында пландалган жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө маанисиндеги долбоорлорду, атап айтканда, энергетика, өнөр жай, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Европа инвестициялык банкы – Евробиримдик тарабынан түзүлгөн ири банк, жылдык кредит портфели 70 млрд еврону түзөт. Ал 1958-жылы Европанын артта калган райондорун өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү кредит берүү формасында түзүлгөн.
