УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков "Коррупция" беренеси менен кармалды

УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков "Коррупция" беренеси менен кармалды

УКМК Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 15-апрелге чейин камакка алынганын "Азаттык" жазды.

Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Райондук соттун маалыматында, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кине тагылды.

Тилек Абдыкалыков тууралуу ачык булактарда кенен маалымат жок. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлгандан кийин жемкорлук менен күрөш 6-башкы башкармалыкка жүктөлгөн.

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалыгынан алынгандан кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалды. УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, Жакыпбековдун жакыны деп айтылып жаткан дагы бир кызматкер - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллеждин директору Айбек Ташматов кармалды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Ишти Аскер прокуратурасы козголгон кылмыш иштери тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media