Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын протоколуна кол коюлду
Бишкек шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, кол коюлган документке ылайык, тараптар Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.
Тараптар «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана аталган аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтык алкагында тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.
Ошондой эле Кеңештин кезектеги 11-отурумун 2023-жылы Казакстанда өткөрүү макулдашылды.