Салык органдары салыктык карызы барларды сотко бере баштады жана көп аракеттерине тыюу салат
Учурда салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды мажбурлап өндүрүү жөнүндө доо арыздарын берүү боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүп, аларды сотко өткөрө баштады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Атап айтканда, салык төлөөчүлөргө (камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө) карата мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- карызкордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле баалуу кагаздарын, мүлкүн камакка алуу
- карызкордун КРдан чыгуусуна убактылуу тыюу салуу
- кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салуу
- банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салуу
- карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салуу
- лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана/же башка мүлктү жана башкаларды алууга тыюу салуу.
Мындан тышкары, соттордун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети жоопкерге (салык төлөөчүгө) жүктөлөт.
Белгилей кетсек, карызды өндүрүп алуу жөнүндө күчүнө кирген соттук актылар боюнча КРнын «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» Мыйзамында каралган реструктуризациялоо механизмин колдонуу мүмкүн эмес.
Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдөн жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн салык карыздарын толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүсүн өтүнөт.