Жерүйдөгү италиялык Diemme Filtration жабдууларынын тетиктери эми Кыргызстанда чыгарылат

Жерүйдөгү италиялык Diemme Filtration жабдууларынын тетиктери эми Кыргызстанда чыгарылат

Жерүй алтын кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы кендеги италиялык Diemme Filtration компаниясынын жабдууларынын тетиктерин «Дастан» ТНК ААКтын филиалынын базасында чыгарат. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

«Жерүй кениндеги алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканын жабдуулары мезгил-мезгили менен оңдолуп, жаңыланып турушу керек. Алыскы чет өлкөлөрдөн запастык тетиктерди сатып алуу жана жеткирүү маселеси акыркы убакта татаалдашкандыктан, «Альянс Алтын» компаниясы импортту алмаштыруу боюнча чараларды көрүүдө. Италиялык Diemme Filtration компаниясы чыгарган фильтр-пресстин 15тен ашык түрү эми Кыргызстанда чыгарылат», – деп айтылат ишкананын маалыматында.

«Альянс Алтын» КРнын өнөр жай ишканаларынын техникалык жактан жабдылышы жана бул тетиктерди чыгаруу үчүн квалификациялуу адистердин бар экендиги боюнча талдоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында «Дастан» ТНК ААК филиалдарынын бири – «Дастан-35» ишканасында аталган тетиктер чыгара ала тургандыгы аныкталган.

Алтынды бөлүп алуучу Жерүй фабрикасынын башкы механиги Мирлан Арзыкулов жана «Дастан-35» ишканасынын конструкторлору запастык бөлүктөргө жана резина буюмдарына долбоордук документтерди, жумушчу чиймелерди жана техникалык шарттарды иштеп чыгышкан. Жакында Diemme Filtration фильтр-прессин ишке киргизүүгө мүмкүндүк берген жаңы запастык бөлүктөрдүн биринчи партиясы чыккан.

«Альянс Алтын» мындан ары да импортту алмаштыруу менен алектенүүнү жана ата мекендик ишканалар менен эки тарапка тең пайдалуу шарттарда кызматташууну көздөп жатканын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик салык кызматы ЭСФнын жаңы формасын киргизди

Мамлекеттик салык кызматы ЭСФнын жаңы формасын киргизди

Мамлекеттик салык кызматы электрондук соода аянтчалары аркылуу соода жүргүзүүдө колдонулуучу электрондук эсеп-фактуранын жаңы формасын киргизди. Бул формадагы ЭСФ товарларды Кыргызсстан аймагынан сыртка чыгаруунун алдында таризделет жана электрондук соода аянтчасы аркылуу кийинки сатуу үчүн багытталган экспорттук товарларды документтик коштоо максатында гана колдонулат. Мындай эсеп-фактураны тариздөө товарды сатуу катары эсептелбейт жана салык

Бишкектеги бардык автобустарда кондиционер орнотулат

Бишкектеги бардык автобустарда кондиционер орнотулат

Жакынкы убакта Бишкек шаарында кондиционери жок бардык автобустарды кондиционер менен жабдуу пландалып жатканын журналисттерге борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында, иштер Кытай жаңы жылы аяктагандан кийин башталат. "Биз күз-кыш айларында заводго барып келдик. Ортомчусуз эле кондиционер чыгарган заводдун директору менен түз

УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков "Коррупция" беренеси менен кармалды

УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков "Коррупция" беренеси менен кармалды

УКМК Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 15-апрелге чейин камакка алынганын "Азаттык" жазды. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Райондук соттун маалыматында, шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кине тагылды. Тилек Абдыкалыков тууралуу

Ишенимге кирип 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды

Ишенимге кирип 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды

Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгына 2025-жылдын 23-сентябрында Р.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "К." аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 31-июлунда аталган жаран Бишкек шаарындагы Радищева көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде иш баштоону сунуштап, ишенимине кирип, 50 миң долларын