Талас облусуна сейрек кездешүүчү маралдарды алып келишти – «Альянс Алтын» ишканасы 2.5 млн сом бөлдү (ВИДЕО)
Талас облусуна Алтайдан 35 марал алып келишти. «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен түзүлгөн «Бакубат Талас» фонду сейрек кездешүүчү жаныбарларды сатып алууга 2.5 млн сом бөлдү.
«Акыркы жылдары бул жаныбарлардын саны азайып кеткендигине байланыштуу Талас районундагы Беш-Таш коругуна кое берилди. Илимдер академиясы Талас районундагы маралдарды багуу боюнча корутундусун чыгарды, эми 20 күндөн кийин жашоочулар маралдарды көрө алышат», – деп билдирди «Альянс Алтын» компаниясынан.
Долбоор президенттин «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгы менен ишке ашырылып, Экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылган.
«Альянс Алтын» компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларына өзгөчө көңүл бурат жана марал сатып алуу компаниянын бул багыттагы иштеринин бири», – деп белгилешти компаниядан.
Ошондой эле белгилей кетсек, учурда Жерүйдө балык өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты изилденип жатат. Талас районунун дарыяларында көп жылдардан бери биринчи жолу балык кайрадан өстүрүлөт.