Милициянын кайгуул кызматы эс алуу күндөрү кадимки тартипте иштеп жатат
Милициянын кайгуул кызматы майрам күндөрү деле кадимкидей күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу «Биринчи радиого» кабарлады.
Анын айтымында, жарандардын көпчүлүгү нөөмөт бөлүмүнө же социалдык баракчалар аркылуу кайгуул кызматы майрам күндөрү иштеп жатабы деген суроолор менен кайрылышууда.
«Авто унаабызды стоянкадан чыгарышыбыз керек, айып пулдарды төлөшүбүз керек деген өңдүү жана башка суроо-талаптар менен кайрылууда. Ошого байланыштуу жалпы айдоочуларга маалымат иретинде айтып жеткирип коюуну туура көрдүк. Азыркы учурда кайгуул кызматы майрам күндөрүндө да, жөнөкөй дем алыш күндөрү да күнүмдүк графикте иш алып барууда», – дейт ал.
Айдоочулардын талаптары, жазган кайрылуу жана арыздары, авто унааны убактылуу токтотуучу короо жайдан чыгаруу жоболору, жана башка баардык кызматтар кадимкидей иш алып барууда.