Сузак: селден тазалоого 2000 адам тартылды

Сузак: селден тазалоого 2000 адам тартылды

Сузак районунда селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн 2000ден ашуун кызматкер, 47 техника жана 27 мотопомпа тазалоого тартылды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:

  • 211 кызматкер
  • 11 оор инженердик техника
  • 19 мотопомпа.

Жарандык коргонуу кызматтарынан:

  • 325 кызматкер
  • айыл аймак жана мекеме, ишканалардан – 429 кызматкер
  • 34 техника жана 18 мотопомпа
  • Жергиликтүү тургундардан – 862 адам.

Кошумча:

  • «Кыргызнефтегаз» – 5 асинизатор (суу соргуч)
  • жеке ишкерлер 4 асинизатор (суу соргуч)
  • Коргоо министрлигинен бөлүктөрүнөн 100 кызматкер
  • ИИМдин Ички аскерлеринен жана Жазык аткаруу кызматынан жалпы 85 кызматкер тартылды.

Эскерте кетсек, 4-май күнү болжол менен саат 22:50лөр чамасында кыска мөөнөттө жаап ѳткѳн жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын Миң-Өрүк, Жаңы-Айыл, Төөлөс, Таштак, Комсомол, Чөкө-Дөбө, Чокмор, Осмонов, Кара-Жыгач, Түрк-Абад жана Кызыл-Багыш айылдарындагы турак үйлөргө кокту-колоттон түшкөн сел суулары каптап, айрым турак үйлөр авариялык абалга келген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга карата эмгек миграциясына квота 52 миң адам болуп бекитилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы алгач квота 25 миң болуп белгиленип, кийин 42 миңге, андан соң 52 миңге чейин көбөйтүлгөн. Зарылчылык жаралса, бул көрсөткүч

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2 ай мурун пенсионердин 850 миң сомун алдамчылык менени котортуп алган шылуун кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында милицияга 77 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдап, 850 миң сом котортуп алышкан.

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки "ЧОИ-2030" программасынын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессия өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУӨП, ЕККУ, Евразия өнүктүрүү банкы, эксперттер жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Программанын негизги максаты — ишкердикти колдоонун

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7,7%га өскөн. Соода жүгүртүүсүндөгү эң ири үлүш Россияга туура келип, ал 64,9%ды түзгөн. Ал эми Казакстан менен