11-майдан баштап ведомстволор аралык кат алышуулар электрондук системада жүргүзүлөт
11-майдан баштап ведомстволор аралык кат алышуулар электрондук системада жүргүзүлөт. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө минкабдын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып, Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.