26-27-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга каттоо башталды

26-27-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга каттоо башталды

2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт. Анын негизги темасы «Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталат жана аталган форумга каттоо ачылганын Экономика министрлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБтин жыл сайын өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү бизнес-иш-чарасы, ЕАЭБ мамлекетинде Биримдиктин органдарына быйыл КР төрагалык кылат.

«Форумдун тематикалык сессияларынын катышуучуларын каттоо Евразия экономикалык форумунун расмий сайтында ачык», – деп билдиришти ведомстводон.

Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, Биримдиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.

Форумдун программасына ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын катышуусу менен пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик талкуулар кирет:

  • «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги»
  • «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери»
  • Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычтары жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо катары»
  • «Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура»
  • «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби»
  • «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары».

Мындан тышкары, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда.

  • Белгилей кетсек, форумга катышуу акысыз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга карата эмгек миграциясына квота 52 миң адам болуп бекитилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы алгач квота 25 миң болуп белгиленип, кийин 42 миңге, андан соң 52 миңге чейин көбөйтүлгөн. Зарылчылык жаралса, бул көрсөткүч

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2 ай мурун пенсионердин 850 миң сомун алдамчылык менени котортуп алган шылуун кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында милицияга 77 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдап, 850 миң сом котортуп алышкан.

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки "ЧОИ-2030" программасынын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессия өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУӨП, ЕККУ, Евразия өнүктүрүү банкы, эксперттер жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Программанын негизги максаты — ишкердикти колдоонун

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7,7%га өскөн. Соода жүгүртүүсүндөгү эң ири үлүш Россияга туура келип, ал 64,9%ды түзгөн. Ал эми Казакстан менен