Дүйнөлүк азык-түлүк программасы КРда долбоорлорун каржылоону 7.4 млрд сомго чейин көбөйтөт
БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) Кыргызстандагы долбоорлорун каржылоону 90 млн долларга (7.4 млрд сомго) жеткирүүнү көздөөдө.
Мындай маалыматты Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кодзиро Накай КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова менен болгон жолугушууда билдиргенин министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы боюнча директордун айтымында, учурда уюм БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2023-2027-жылдарга карата КРдагы стратегиялык планынын долбоорун иштеп чыгууда жана анын алкагында өлкөдөгү программаларды каржылоону 90 млн долларга чейин көбөйтүү пландаштырылууда.