Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды
Садыр Жапаров Эсептөө палатасына «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу президент өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Жапаров «Кумтөрдүн» бир жылдык каржылык жана башка ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсептөө палатасын жиберген.
«Кумтөр» алтын кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет», – деди президент.
Эскерте кетсек, «Кумтөр» алтын кенине 2021-жылы 17-майда тышкы башкаруу киргизилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганын жана кен толугу менен Кыргызстанга өткөнү жарыяланган.