«Түндүк электр» чыгымдарын жапты, эми мамлекетке дивиденд берүүгө даяр
«Түндүк электр» бөлүштүрүү компаниясы 2021-жылы чыгымдарын калыбына келтирип, 242 млн сом таза киреше тапкан. Бул тууралуу маалымат компаниянын каржылык отчетунда айтылат.
Белгилей кетсек, 2020-жылы «Түндүк электр» ААК 473.5 млн сом чыгашага учураган болчу.
2021-жылдын кирешеси акционерлердин 26-апрелдеги чечимине ылайык экиге бөлүнөт. Каражаттын көбү (75%) компанияны өнүктүрүүгө калат, ал эми калган 25% акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Эскерте кетсек, акциялардын басымдуу бөлүгүнө мамлекет ээлик кылат.