УКМК «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады

УКМК «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады

УКМК «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип, натыйжада, «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду кармады.

Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары табылып, натыйжада, 56 кымбат баалуу батирлер жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган.

Тергөө учурунда бул иш боюнча буга чейин кармалган адамдардан тышкары, аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталып жана ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгилей кетсек, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адам болгон жана Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн.

Бул топ өздөрүнүн кылмыш аракеттерин ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарынынын камкордугун алуу максатында аларга акча каражаттарын жана кыймылсыз мүлктөрдү, анын ичинде «Аврора плюс» эс алуу борборун беришкен жана бул боюнча тергөөдө тиешелүү далилдер табылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга карата эмгек миграциясына квота 52 миң адам болуп бекитилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы алгач квота 25 миң болуп белгиленип, кийин 42 миңге, андан соң 52 миңге чейин көбөйтүлгөн. Зарылчылык жаралса, бул көрсөткүч

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2 ай мурун пенсионердин 850 миң сомун алдамчылык менени котортуп алган шылуун кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында милицияга 77 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдап, 850 миң сом котортуп алышкан.

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

"ЧОИ-2030": Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүнүн жаңы багыттары аныкталды

Күн мурун Бишкекте Кыргызстандын чакан жана орто ишкерлигин колдоо жана өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки "ЧОИ-2030" программасынын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессия өттү. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага КРнын Экономика жана коммерция министрлиги, БУУӨП, ЕККУ, Евразия өнүктүрүү банкы, эксперттер жана өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Программанын негизги максаты — ишкердикти колдоонун

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

Өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодасы 5,9 млрд долларды түзгөн

2025-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соода жүгүртүүсү 5,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 7,7%га өскөн. Соода жүгүртүүсүндөгү эң ири үлүш Россияга туура келип, ал 64,9%ды түзгөн. Ал эми Казакстан менен