Улуттук банк «Элкарт» улуттук төлөм системасын тестирлөөнүн жыйынтыгында ийгиликтүү деп тапты – эми кредит карталары ишке кирет
Кыргызстанда «Элкарт» улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.
КРнын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен «М Булак» МКК ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында, жүргүзүлгөн тестирлөө банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүү боюнча ийгиликтүү деп табылды:
- нак эмес кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карттарын чыгаруу
- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын «М Булак» МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.
Атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК үчүн 2022-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды.
Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп, «М Булак» МКК» ЖЧК жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК эсептелет.