Июль айында социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт
Июль айынан тартып социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги адамдык өнүгүү форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Жапаров сүйлөгөн сөзүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлгөнүн айтып жана үстүбүздөгү жылдын июль айында социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйөрүн кошумчалады.
«Биз жаш өлкө катары келечегибизге инвестиция салышыбыз керек. Өлкө өз элине канчалык көп инвестиция салса, анын ордуна ошончолук көп акча алат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, мектепке чейинки билим берүүгө жумшалган кошумча 1 доллар эле улуттук экономикага 6 доллардан 17 долларга чейин киреше алып келет.
Балдарыбыз мамлекеттик, расмий жана англис тилдерин эркин сүйлөй тургандай жыйынтыктарга жетүүнү каалайбыз. Биздин балдар дүйнө жүзү боюнча жумушка орношуп, атаандаштыкка жөндөмдүү болушу керек. Буга жетишүү үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз» – деди ал.
Белгилей кетсек, форумду Министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тобу уюштурган.