Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз жайгаштырылган 12 соода объектиси демонтаждалды. Иш-чаралар 17–19-февраль күндөрү Бишкек – Кара-Балта автоунаа жолунун Москва району аймагындагы тилкесинде жүргүзүлгөнүн Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаралар Шаар куруу жана архитектура департаменти, ошондой эле Москва районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз деп табылган 12 убактылуу соода түйүнү жана жеңил курулуштар буздурулду.

Маалыматка ылайык, демонтаж иштерине бир жума калганда объектилердин ээлерине аймакты тартипке келтирүү жана мыйзам бузууларды жоюу талабы коюлган эскертмелер берилген. Ошондой эле ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мекемеден белгилешкендей, Чүй облусунун аймагында курулуш иштеринин жүрүшүнө жана сапатына көзөмөл туруктуу негизде улантылат. Курулуш ишмердүүлүгүнүн субъекттерин курулуш нормаларын жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media