Казакстан жүктөрдү өткөрбөй жатса, анда сууну бербегиле, жапкыла – депутат

Казакстан жүктөрдү өткөрбөй жатса, анда сууну бербегиле, жапкыла – депутат

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында «Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна КРнын кошулуусу тууралуу» Мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралууда.

Жыйында депутаттар Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында тыгында турган, казак тарап өткөрбөй жаткан жүк ташуучу автоунаалар тууралуу маселени көтөрүштү. Депутат Дастанбек Жумабеков унаалар эмне үчүн кезек күтүп, өтө албай турушканына, көйгөй эмнеде экенине кызыкты.

Транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев: «Биздин министрлик тарабынан маселе жок, көмүскө экономика деген эле маселени угуп атабыз, так билбейбиз», – деген жообун берди.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев Транспорт министрлигине Казакстан башка конвенцияларга киргенинин карап көрүүнү жана ага жараша дооматтарды айтууну сунуштады.

«Бул маселе жакынкы арада чечилбейт, алардын саясаты башка. Анда сууну бербегиле, токтоткула, жапкыла. Биз деле өзүбүздү көрсөтөлү», – деди Маматалиев.

Эскерте кетсек, Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы көзөмөлдү кайрадан күчөтөрүн Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик киреше комитети билдирген болчу.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, көзөмөл начарлагандыктан, Кыргызстандын айрым ишкерлери мурдагы келишимдерден пайдаланып, Казакстанга декларацияланбаган, контрафакттык товарларды алып киришкен. Мыйзам бузуулар олуттуу түрдө көбөйүп, КРдан Россияга Казакстан аркылуу өтүш керек болгон майнинг техникасын жана электрондук тамекилерди ташып келүү фактылары көбөйүп кеткени байкалган.

Натыйжада, көзөмөл күчөп кыргыз-казак чек арасындагы Кең-Булуң өткөрмө бекетине жакын жерде 100гө жакын жүк ташуучу унаалар өтпөй туруп калган.

Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Конвенциянын кошумча протоколу жүктөрдү эл аралык автотранспорттук ташуу келишиминин тараптарына электрондук түрдө (e-CMR) жол баракчасын түзүүгө юридикалык мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Швецияда мектептер санариптик каражаттарды ашыкча колдонуу практикасын кыскартып, салттуу окутуу ыкмаларына кайта баштаганын Kazinform жазып чыкты. Мындай чечим iPad жана ноутбуктарды активдүү пайдаланууда окуучулардын окуу деңгээли начарлап кеткендиктен кабыл алынган. Эми мектептерде басма окуу китептерине, кол менен жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Адистердин айтымында, бул ыкма окуу сабаттуулугун жогорулатууга

БШК мэрияны ишкерлерди кыспоого чакырды

БШК мэрияны ишкерлерди кыспоого чакырды

Муниципалдык жерди ижарага берүү акысын жана борбор калаадагы муниципалдык базарлардагы ижара төлөмдөрүн жогорулатуу маселеси Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында көтөрүлдү. Казыбек Эргешов ишкерлер шаардык бюджетти түзүүнүн негизги катышуучулары экенин, алар жумуш орундарын түзүп, жумушсуздук менен жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө салым кошорун

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун аймагындагы инженердик тармактарга байланышкан маселелер каралды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында жалпы 31 объект темир жол линиясынын контуруна туура келет. Анын ичинен 11и ичүүчү суу түтүктөрү, калганы саркынды жана сугат суу каналдары болуп саналат. Мындан тышкары, жыйында Түштүк Жалал-Абад темир

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз жайгаштырылган 12 соода объектиси демонтаждалды. Иш-чаралар 17–19-февраль күндөрү Бишкек – Кара-Балта автоунаа жолунун Москва району аймагындагы тилкесинде жүргүзүлгөнүн Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти. Иш-чаралар Шаар куруу жана архитектура департаменти, ошондой эле Москва районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен