Түндүк-Түштүк жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат
11-майдан 18-майга чейин Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү (195-чакырым – 291-чакырым) убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кызматы билдирди.
Министрлик жолдун бул тилкесинде сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-майдан 14-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн, буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен болчу.
Транспорт министрлиги жогоруда айтылган жол тилкесинде селден жана жер көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзөт.