Январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18.1 млрд сом сарпталды
2022-жылдын январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 18 млрд 167.6 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди.
Эң көп пенсия менен жөлөк пул алуучулар Ош менен Жалал-Абад облустарында жана бул калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт.
Анын ичинен:
- Бишкек шаары — 2 млрд 917.1 млн сом
- Чуй облусу — 2 млрд 755.2 млн сом
- Нарын облусу — 1 млрд 444.5 млн сом
- Иссык-Көл облулусу — 1 млрд 655.7 млн сом
- Талас облусу — 754.5 млн сом
- Ош шаары — 651.6 млн сом
- Ош облусу — 3 млрд 339.2 млн сом
- Баткен облусу — 1 млрд 516.5 млн сом
- Жалал-Абад облусу — 3 млрд 133.3 млн сом.
Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2022-жылдын апрель айына 4 млрд 592.3 млн сомду түзгөн.