«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорунун алкагында 6.7 миң гана дыйканга насыя берилген – өлкө боюнча 450 миң дыйкан чарбасы бар
«Айыл чарбасын каржылоо – 10» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күндө жалпысынан 3 млрд 396.5 млн сомго 6 миң 746 насыя таратылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинен 5557 насыя күрөөсү менен жалпы 3 млрд 155.1 млн сомго, ал эми 241.4 млн сомдук 1189 насыя күрөөсүз берилген.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү багытында күрөө коюлган шартта 868.8 млн сом суммасында 1840 насыя, 128.7 млн сомго күрөөсүз 640 насыя берилген.
Мал чарбасын өнүктүрүүгө күрөө менен 1 млрд 881.6 млн сомдук 3572, күрөөсүз 112.6 млн сомго 549 насыя берилген.
Айыл чарбасынын кайра иштетүү чөйрөсүн өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүү үчүн күрөөлүк негизде 404.6 млн сом суммасында 145 насыя таратылган.
Белгилей кетсек, расмий статистика боюнча өлкөдө 450 миң дыйкан чарбасы бар.