Бишкек шаарында финляндиялык ишкерлер менен бизнес жолугушуу уюштурулду
Кечээ, 23-майда Бишкек шаарында «Новотел» мейманканасында Кыргыз-Финляндиялык бизнес жолугушуусу болуп өттү. Аталган жолугушууга финляндия тараптан өнөр жай, фармацевтика, курулуш жана суу тармагындагы мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышканын ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун максаты – кыргыз жана фин компаниялары үчүн байланыштарды түзүү үчүн аянтчаны камсыз кылуу, ошондой эле фин тарапты Кыргызстандагы бизнес-климат жана өлкөдө бизнес жүргүзүү жөнүндө маалымат берүү болгон.
Иш-чаранын жүрүшүндө B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, анда тараптар байланыштарды түзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашышкан.
«Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара фин тарап менен биринчи жолу өткөрүлүп жана тараптар туризмди өнүктүрүү, эки өлкө ортосундагы сооданы көбөйтүүгө, ата мекендик ишканалардын дараметин жогорулатууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган кызматташуу багыттарын кеңейтүү зарылдыгын макулдашты», – деп айтылат маалыматта.
Бул иш-чара Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган БУУнун өнүктүрүү программасынын «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун жардамы менен ТИМ тарабынан жана ошондой эле КРнын Финляндиядагы Ардактуу консулу Петри Нуминнен мырза тарабынан уюштурулган.
