«Кумтөр» компаниясы кирешесинин 1%ын спорт, маданият жана туризм тармагына берет
«Кумтөр» компаниясы кирешесинин 1%ын спорт, маданият жана туризм тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлдорду каржылоого берет. Бул тууралуу «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын» жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк «Кыргызстандагы маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү – Жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы форумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Бөлтүрүк маданият саясатты дагы, мамлекетти дагы сактай алган чоң күч экенин айтат.
«Кумтөр» компаниясы жана «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» улуттук холдингинин демилгеси менен Маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча фонд түзүлдү. Буюрса ишкана кирешесинин 1%ын аталган фондго которуп, аталган тармактардын приоритеттүү долбоорлорун каржылап турмай болду.
Ошондой эле холдингге кирген башка компаниялар да Кумтөрдүн жолун жолдоп, каражат бөлүп турса жакшы болот. Ошентип бизнес маданиятка, спортко, туризмге өзү келип жардам колун сунуп жатат», – дейт ал.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Кумтөр жылдын аягында 220 млн доллар таза киреше менен чыкканын эске алсак, анын 1%ы 2.2 млн доллар болот. Демек, болжол менен жылына ушундай суммадагы каражат бөлүнөт.