«Теплые ключи» комплекси «Электр станциялары» ААКсына 15 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилди
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылы дарегинде жайгашкан «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү «Электр станциялар» ААКга мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берилди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун минкабдын маалымат кызматы билдирди.
«Мындай чечим «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган», – деп айтылат маалыматта.
«Теплые ключи» ден соолукту чыңдоочу комплекси 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин зыяндуу өндүрүштүк шарттардан реаблитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген.
Белгилей кетсек, азыркы учурда «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлинде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле «Электр станциялары» ААКтын финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.