Министрлер кабинети иш сапары менен Жалал-Абадда жүрүшөт

Министрлер кабинети иш сапары менен Жалал-Абадда жүрүшөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ААКсына барды. 

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун, венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун, ошондой эле мамлекеттик банктардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте ишканалардын абалы менен таанышып, жетекчилиги менен болгон көйгөйлөрдү талкуулады.

Бакыт Төрөбаев ата мекендик өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

«Каржы мекемелерине, мамлекеттик банктарга, адистештирилген структураларга тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул кадамдардын баары жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштырууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Аймактарда өнөр жайды өнүктүрүү биз үчүн приоритеттүү мааниге ээ», – деди ал.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ички рынокту күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу максатында мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. 

Белгилей кетсек, «Кыргызнефтегаз» жылына болгону 15 миң тонна бензин өндүрөт – бул республиканын керектөөсүнүн 5%ын жабат.

Мындан тышкары окуңуз

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт, бул

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Эски автовокзалдар унаа токтотуучу жай болобу?

Бишкекте муниципалитеттин демилгеси менен өткөн Жол кеңешинде эски автовокзалдардын аймагын башка аймактардан келген айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайга айландыруу сунушталды. Жыйында айтылгандай, Ивановка же Кара-Балтадан келген айдоочу шаарга келип, унаасын базарларда же борбордо күн бою калтырат. Ошондуктан автоунааларды мурдагы автовокзалдардын аймагына токтотуп, андан ары коомдук транспорт менен жүрүүнү уюштуруу керектиги