Өткөн жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген
2021-жылы Улуттук банк мамлекеттик бюджетке 6.3 млрд сом чегерген. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Жеңиш Нурбек билдирди.
Бүгүн, 25-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Улуттук банкынын пайдасынан республикалык бюджетке түшүүчү чегерүүлөрдүн өлчөмүн 2021- жана 2022-жылдарга 70%дан 90%га чейин көбөйтүү жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү максатында иштелип чыккан.
«Маселелен, 2021-жылы Улуттук банктын таза кирешеси 9 млрд 192 млн сом болсо, анын 70%ы республикалык бюджетке которулуп, тагыраагы, 6 млрд 300 млн сом чегерилген. Эми 90% которулса, 8 млрд 100 млн сомдой каражат бюджетке түшөт», – деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.
Ошондой эле ал Кыргызстанда 23 коммерциялык банк жана 400дөн ашуун микрокредиттик компания бар экенин маалымдады.