Доллар көтөрүлө баштады: сатып алуу курсу – 82.2 сом, сатуу – 83.2 сом болууда
Бүгүн, 26-майда, бейшемби күнү саат 12:10го карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 82.2 сомду (сатып алуу) жана 83.2 сомду (сатуу) түздү.
- Эртең менен доллардын орточо баасы 81.3-82.3 сомдун тегерегинде (сатып алуу-сатуу) болуп жаткан эле.
Коммерциялык банктарда 1 доллардын сатып алуу курсу 79.5-81.5 сомго чейин өзгөрүп, ал эми сатуу курсу 80.5-82.5 сомдун чегинде болууда.
Ал эми Улуттук банк 26-майга доллардын расмий курсун 79.50 сом деп бекитти.