Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-февралда Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.

Айбек Джунушалиев: "Шаар куруу нормалары сакталбагандыгына байланыштуу, курулган конструкцияларды демонтаж кылып, жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз. Эгер компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштбаса, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартылат", — деп эскертти.

Мэр буга чейин Old Bishkek долбоорунун талаптарга шайкештигин текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине кат жөнөткөнүн кошумчалады.

Ошондой эле, шаар башчысы компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр куруу иштерин убактылуу токтотуу тапшырмасын берди. Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына болсо сунушталган эскизди карап чыгып, долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот. “Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областтык башкармалыгы микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салган. 11-майга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып

Кырчын жайлоосунда жайытты тебелегендер 33 миң сом айып пул төлөдү

Кырчын жайлоосунда жайытты тебелегендер 33 миң сом айып пул төлөдү

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда жарандар унаалары менен өсүмдүктөрдү тебелеп, жер кыртышына зыян келтирген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жүргүзгөн рейддик иш-чарада мыйзам бузуу учурлары катталып, 6 жаранга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 33 миң сом