Казакстан күн электр станциясын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди чогуу курууга даяр
Казакстандын каражатынын колдоосу менен Ысык-Көл облусунда күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоордун баасы 300 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдиргенин Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады.
Токаев суу-энергетика тармагындагы алакаларды координациялоого да токтолду. «Биз трансчегаралык суу ресурстары биз үчүн жалпы баалуулук экенин дагы бир жолу тастыктадык. Суу тартыштыгы жылдан жылга курчуп баратат. Мындай божомолду абройлуу эл аралык экологиялык уюмдар да айтышууда. Суу көбөйбөйт – бул ачык эле көрүнүп турат. Ошондуктан Борбор Азия мамлекеттери биргелешип иштеши керек», – деди ал.
Токаев Казакстан бардык милдеттенмелерин толук аткарууга жана маанилүү долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын өлкө башчысы президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда эки тарапка тең пайдалуу сунуштарды изилдеп, келечектүү инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүүнү сунуштаган. Алардын бири Кыргызстандагы ГЭСтерди, атап айтканда Камбар-Ата ГЭС-1ди биргелешип куруу тууралуу болгон.