Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады – атайын комиссия түзүлдү

Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады – атайын комиссия түзүлдү

Кумтөр кенинин борбордук карьеринин каптал тектери жыла баштады. Министрлер кабинети карьердин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзгөн.

Маалыматка караганда, атайын комиссия түзүү чечими 18-майда чыккан. Бул буйруктун аткарылышын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров көзөмөлгө алган.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө:

  • «Кумтөр» кенинин «Борбордук» аймагынын чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кыймылдын ылдамдыгынын тездешинин себептерин аныкташы керек
  • «Кумтөр Голд Компаниге» Кумтөр кенинин «Борбордук» аймагындагы аталган бөлүгүндөгү кыймылдын ылдамдыгын азайтуу жана токтотуу боюнча сунуштарды бериши зарыл.

Ал эми «Кумтөр Голд Компаниге» аталган кооптуу аймактарда иштөө чараларын көрүү жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, техникалык чечимдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

Ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга, ошондой эле анын иши үчүн зарыл болгон материалдарды суроого укуктуу деп белгиленген.

Мындан тышкары окуңуз

Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-февралда Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи. Айбек Джунушалиев: "Шаар куруу нормалары сакталбагандыгына байланыштуу, курулган

Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2026-жылы Талас облусунда март айынан ноябрь айына чейин 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өтөт. Аталган оңдоо иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат. 10 кВ аба чубалгыларына болгон капиталдык

Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды

Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорттордон чыккан булгоочу заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, рейддер борбор калаада атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануу деңгээлин төмөндөтүү

C6 форматы Батыш менен соода жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү

C6 форматы Батыш менен соода жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү

C6 форматы Орто Азия өлкөлөрүнө Батыш менен соода жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын Trend агенттигине берген маегинде Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун аналитика жана координация бөлүмүнүн башкы адиси Темирлан Разбаев билдирди. Ал Бакуда өтүп жаткан "C6: Бириккен регион, жалпы келечек — стратегиялык диалогду күчөтүү" аттуу эл аралык конференцияга катышып