Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда

Кыргызстандан Сибирге жаңы энергетикалык коридорду Казакстан аркылуу алып өтүү жолу каралууда

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарында өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумга катышып жаткан Россиянын Энергетика министри Николай Шульгинов ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жаңы энергетикалык коридорду талкуулап жатышканын айтты.

Анын айтымында, Россиядан Кыргызстанга энергетикалык коридорду Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүү каралууда.

«Биз Кыргызстанда талкуулап баштаган, координациялык кеңешке берилген кызыктуу долбоорлордун бири – Казакстандын аймагы аркылуу Сибирден Кыргызстанга узартылган линияны (түз агымдагы ток) куруу. Бул ЕАЭБдин ортосундагы электр кубатын алмашууну күчөтөт», – деди Шульгинов.

Ал эми Казакстандын Энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов Казакстан бирдиктүү энергетикалык коридор түзүү идеясын жактаганын, мартта парламент тиешелүү келишимдерди ратификациялаганын билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрү 2025-жылдын башына карата электр энергиясынын улуттук рынокторун интеграциялоо аркылуу жалпы электр энергиясынын рыногун түзүүгө ниеттенүүдө. Тажикстан да Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасына кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-февралда Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи. Айбек Джунушалиев: "Шаар куруу нормалары сакталбагандыгына байланыштуу, курулган

Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт

Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2026-жылы Талас облусунда март айынан ноябрь айына чейин 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өтөт. Аталган оңдоо иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат. 10 кВ аба чубалгыларына болгон капиталдык

Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды

Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорттордон чыккан булгоочу заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, рейддер борбор калаада атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануу деңгээлин төмөндөтүү

C6 форматы Батыш менен соода жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү

C6 форматы Батыш менен соода жүргүзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү

C6 форматы Орто Азия өлкөлөрүнө Батыш менен соода жүргүзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын Trend агенттигине берген маегинде Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун аналитика жана координация бөлүмүнүн башкы адиси Темирлан Разбаев билдирди. Ал Бакуда өтүп жаткан "C6: Бириккен регион, жалпы келечек — стратегиялык диалогду күчөтүү" аттуу эл аралык конференцияга катышып