2021-жылы консолидацияланган бюджет дээрлик 30 млрд сомго өстү

2021-жылы консолидацияланган бюджет дээрлик 30 млрд сомго өстү

2021-жылы консолидацияланган бюджет дээрлик 30 млрд сомго өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы туура жүргүзүлгөн акча-кредит жана салык-бюджеттик саясаттын эсебинен экономикалык өсүштүн оң тенденциясын көрсөткөн.

Ал кошумчалагандай, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджет мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дээрлик 30 млрд сомго өскөн жана алдын ала эсептөөлөр боюнча 312.2 млрд сомду түздү. 2020-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу консолидацияланган бюджеттин ресурстары 60 млрд сомдон ашуун көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу өсүү 70 млрд сомдон ашык болду.

«2022-жылга консолидацияланган бюджет боюнча 400 млрд сом эсебинде ориентир белгиленген. Бул көрсөткүчкө социалдык-экономикалык туруктуулукка жетишүү, импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, экспорттук потенциалы жогору артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, энергетика жана ирригация, жол-транспорт тармагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, КРнын Евразия экономикалык биримдигинде жана Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу аркылуу гана жетишүүгө болот», – деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын маалымат кызматы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча чечим долбоору кабыл алынып, 2022-жылга өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийи 3.7% деңгээлинде бекитилгенин кабарлады.

Мындан тышкары окуңуз

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган. Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкекте мыйзамсыз 16 кабат үй куруп жаткан компанияга айып пул салынды

Бишкектеги Суванбердиев көчөсүндө курулушка уруксат берүүчү документтери жок 16 кабаттуу үй курулуп жатканы аныкталганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн "СК Эверест Групп" ЖЧКсына текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузуу фактыларын жоюу максатында зарыл болгон документтерди тапшырууга милдеттендирилди. Ошондой эле 200 миң сом

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда 21 миң 900 даана мыйзамсыз тамеки кармалды

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз тамеки ташууга бөгөт коюлганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкчылар рейддик салык көзөмөлдүн жүрүшүндө Бирдик айылынан акциздик маркасы жок тамеки продукциясын аныкташкан. Рейддин жүрүшүндө тамеки продукциясын башка автотранспорт каражатына жүктөп жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаадан акциздик маркасы жок 21 миң 900 даана ORIS

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Быйыл республика боюнча 390 миң акылдуу эсептегич орнотулат

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы 2026-жылы республика боюнча калкка 390 миң даана акылдуу эсептегичтерди орнотот. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетика тармагын модернизациялоого багытталган. 390 миң даана акылдуу эсептегичтер облустар жана Бишкек шаары боюнча төмөндөгүдөй бөлүндү: Бишкек шаары